# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 199 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кенеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциалык Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 199 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кенеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциалык Мыйзамы
- Актынын түрү: Конституционный Закон
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112687/edition/1291654/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 199 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кенеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциалык Мыйзамы (24.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112687

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 24-ноябры № 199

"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кенеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар Жогорку Кеңештин депутаттарына жайылтылбайт.";

2) 11-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:

"26) Кеңештин курамына шайланган Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары токтотулганда же мөөнөтүнөн мурда токтотулганда.";

б) 3-бөлүктө "3-25" деген цифралар "3-26" деген цифраларга алмаштырылсын;

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда каралган негиздер боюнча токтотулбайт.". 2-берене. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3543) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 18-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
