Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кенеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Конституциалык Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-ноябры № 199
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кенеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар Жогорку Кеңештин депутаттарына жайылтылбайт.";
2) 11-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:
"26) Кеңештин курамына шайланган Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары токтотулганда же мөөнөтүнөн мурда токтотулганда.";
б) 3-бөлүктө "3-25" деген цифралар "3-26" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда каралган негиздер боюнча токтотулбайт.". 2-берене. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3543) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 18-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 137
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 137
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.