# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-октябрындагы № 190 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-октябрындагы № 190 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112680>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3431/edition/1286324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-октябрындагы № 190 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (19.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112680

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 19-октябры № 190 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112680/st-1)

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кызматчылар милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш. Кызматчы менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган көлөмдө жана шарттарда саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112680/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 85 (3534) саны менен жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 21-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
