# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112677)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112677/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3428/edition/1282980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112677/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (10.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112677/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2191-берене менен толукталсын: "2191-берене. Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу

1. Лицензиясыз кумар оюндарын уюштуруу, өткөрүү жана казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик контораларда, тотализаторлордо аларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

3) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан;

4) балдарды тартуу менен, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Оюн жабдуулары, оюндагы ставка жана утуш болуп саналган баалуулуктар, ошондой эле мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка киреше белгиленген тартипте алып коюлууга жана мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112677/st-2)
