1-берене
Күчүндө · 10.10.2023 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2191-берене менен толукталсын: "2191-берене. Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу
1. Лицензиясыз кумар оюндарын уюштуруу, өткөрүү жана казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү мекемелерде, электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик контораларда, тотализаторлордо аларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) уюшкан топ тарабынан;
2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;
3) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан;
4) балдарды тартуу менен, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Оюн жабдуулары, оюндагы ставка жана утуш болуп саналган баалуулуктар, ошондой эле мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка киреше белгиленген тартипте алып коюлууга жана мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш.".
Берененин тексти 10.10.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112677/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>