1-берене
Күчүндө · 12.10.2023 редакциясы
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-статьяда:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мүлктү мамлекеттин менчигине акысыз ажыратканда, юридикалык жактардын жана жарандардын менчигине ажыратканда;»;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.»;
2) 11-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Муниципалдык менчикте турган мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү, алмаштыруу же мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
2. Муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке акысыз ажыраткан учурларды кошпогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуунун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.»;
3) 19-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратууга макулдук берет;».
Берененин тексти 12.10.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112675/st-1" title="1-берене - Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>