# 5-берене

- Документ: [Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 182 "Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3424/edition/1279524/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112670/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-5

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү үчүн типтүү документтерди иштеп чыксын жана бекитсин;

- кооперативдерди, турак жай жана турак жай-курулуш кооперативдерин турак жай ээлеринин шериктиктерине кайра түзүүгө көмөк көрсөтсүн;

- жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте турак жай ээлеринин шериктиктерин накталай эмес эсептешүүгө өткөрүү боюнча ишке көмөк көрсөтсүн;

- турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин жетекчилерин финансылык жана укуктук сабаттуулукка окутуу үчүн программаларды иштеп чыксын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларына турак жай менчик ээлеринин шериктиктерин түзүүгө көмөк көрсөтсүн;

- турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин ишин координациялоо жана көмөк көрсөтүү үчүн кызматкерлерди аныктасын;

- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 67 (3516) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-38)
