5-берене
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү үчүн типтүү документтерди иштеп чыксын жана бекитсин;
- кооперативдерди, турак жай жана турак жай-курулуш кооперативдерин турак жай ээлеринин шериктиктерине кайра түзүүгө көмөк көрсөтсүн;
- жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте турак жай ээлеринин шериктиктерин накталай эмес эсептешүүгө өткөрүү боюнча ишке көмөк көрсөтсүн;
- турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин жетекчилерин финансылык жана укуктук сабаттуулукка окутуу үчүн программаларды иштеп чыксын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларына турак жай менчик ээлеринин шериктиктерин түзүүгө көмөк көрсөтсүн;
- турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин ишин координациялоо жана көмөк көрсөтүү үчүн кызматкерлерди аныктасын;
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 67 (3516) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 29-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112670/st-5" title="5-берене - Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>