# 3-берене

- Документ: [Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 182 "Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3424/edition/1279524/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112670/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-3

---

"Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 908-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде:

а) 1-бөлүк "көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тескөө" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле чектеш аймакты көрктөндүрүү" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;

в) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүлкүн башкаруу боюнча чыгымдарды бирдей көтөрүүгө милдеттүү. Жер төлөөлөрдү, турак жана турак эмес жайларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон кире бериштер, тепкичтер, чатырлар, лифттер жана башка мүлктөр турак жай менчик ээлеринин шериктигинин пайдалануусуна акысыз берилүүгө тийиш. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мамлекеттик орган ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн мүлктү акысыз пайдаланууга берүүдөн баш тартса, көп батирлүү үйдү башкаруу бул мүлктүн менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.";

2) 4-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү үчүн турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин 10 пайызы демилгелүү топту түзүүгө укуктуу. Демилгелүү топ чогулуш өткөрөт, анда уюштуруу чогулушунун датасы, убактысы жана орду, уюштуруу чогулушунун алдын ала күн тартиби жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин алдын ала аталышы аныкталат. Демилгелүү топтун чогулушу демилгелүү топтун чогулушуна катышкан турак жай ээлеринин фамилиясы, аты жана атасынын аты, дареги, телефондору көрсөтүлүү менен протоколго түшүрүлүшү керек. Демилгелүү топ уюштуруу чогулушуна он күн калганга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына уюштуруу чогулушун өткөрүү датасын, убактысын жана ордун, ошондой эле демилгелүү топтун бардык мүчөлөрүнүн байланыш каражаттарын көрсөтүү менен турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уюштуруу чогулушун өткөрүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберет. Демилгелүү топ уюштуруу чогулушун өткөрүү датасын, убактысын, ордун, демилгелүү топтун катышуучуларынын фамилиясын, атын жана атасынын атын, даректерин, байланыш каражаттарын, уюштуруу чогулушунун алдын ала күн тартибин жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин алдын ала аталышын көрсөтүү менен, уюштуруу чогулушун өткөрүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө бардык менчик ээлерине билдирет. Уюштуруу чогулушу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү ар бир менчик ээсине кол коюу менен тапшырылууга тийиш, ал эми жашаган жери боюнча менчик ээси жок болгон учурда же билдирүүнү кабыл алууну каалабаган учурда бул тууралуу демилгелүү топ тарабынан жүргүзүлгөн билдирүү журналына жазуу жазылат. Көп кабаттуу үйдү курган жеке ишкер же юридикалык жак, анын уюштуруучулары жана кызматкерлери демилгелүү топтун жана уюштуруу чогулушунун курамында болууга укугу жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы турак жай менчик ээлеринин шериктештигин түзүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун турак жай менчик ээлеринин шериктештиги менен мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнө зарыл жардам көрсөтүү үчүн уюштуруу чогулушуна кызматкерди жиберүүгө укуктуу.";

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Уюштуруу чогулушу, эгерде ага турак жай жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин көпчүлүгү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат. Добуш берүү бюллетень колдонуу менен же чогулуш тарабынан белгиленген башкача жол менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Добуш берүүгө турак жайдын же турак эмес жайдын бир гана менчик ээси катыша алат. Эгерде менчик ээси бир нече турак же турак эмес жайга ээ болсо, анда анын добушу бир добушка барабар.";

3) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) турак жайды же турак эмес жайды ижарага берүү жөнүндө турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчик ээсинин кабарлоосунун тартиби;";

4) 6-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

- 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-14-пункттар менен толукталсын:

"9) жайга менчик укугун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

10) турак жай менчик ээлеринин шериктигине төгүмдөр боюнча жеңилдиктерди аныктоого;

11) аймакты жашылдандыруу, мүлктү башкаруу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча компанияларды жалдоого;

12) милдеттүү төгүмдөрдү төлөбөгөн жана жалпы мүлктү башкаруу боюнча чыгашаларды көтөрбөгөн карызкорлордун тизмесин, алардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбастан, көрүнүктүү жерге жарыялоого;

13) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коммуналдык кызматтар менен турак жай менчик ээлеринин шериктигинин иши, менчик ээлери менен болгон талаш-тартыштарды кароо, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин алдындагы карызды төлөө маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө;

14) бухгалтердик ачык-айкын эсеп жүргүзүү шартында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан гранттарды, финансылык жана башка жардамдарды, ошондой эле пайызсыз кредиттерди алууга.";

б) 3-бөлүктө "30" деген сан "20" деген санга алмаштырылсын;

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:

"31. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга турак жайлардын менчик ээлеринин турак жай менчик ээлеринин шериктигине болгон карызы жөнүндө маалыматтарды турак жай мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте берүүгө укуктуу.";

г) 4-бөлүктө "учурда," деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте же" деген сөздөр менен толукталсын;

д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине турак үйдө башка өзүнчө турак жай, соода жана өнөр жай объекттерине берилүүчү товарларды жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тыюу салынат.";

5) 7-беренеде:

а) 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-14-пункттар менен толукталсын:

"9) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин иши жөнүндө маалыматтарды шериктиктин мүчөлөрүнө алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берүүгө;

10) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнө, алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча, текшерүү комиссиясынын корутундусунун көчүрмөсүн, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулуштарынын протоколдорун берүүгө;

11) банктык эсепке жалпы мүлктү башкаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү кабыл алууга жана накталай эмес формада кирешелердин жана чыгашалардын эсебин жүргүзүүгө;

12) ар бир менчик ээси үчүн жеткиликтүү болгон, кирешелер жана чыгашалар боюнча кагаз жана электрондук ташыгычтарда ачык-айкын бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө;

13) квартал сайын менчик ээлерине турак жай менчик ээлеринин шериктигинин иши, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет берип турууга;

14) сарамжалдуулукту сактоого жана акча каражаттарын үнөмдөөгө.";

6) 10-беренеде:

а) берененин аталышында "өткөрүп берүү" деген сөздөр "сактоо жана өткөрүп берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 1-бөлүк "кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча" деген сөздөрдөн кийин "бир айдын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-бөлүктөр менен толукталсын:

"11. Уюштуруу чогулушунун демилгелүү тобу турак жай менчик ээлеринин шериктигине уюштуруу чогулушун өткөрүү демилгеси менен байланышкан документтерди берет.

12. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте документтерди алты жыл бою сактоого милдеттүү.";

г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги түзүлүп жаткан көп батирлүү үйдү курган юридикалык жак же жеке ишкер турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн турак жай менчик ээлеринин шериктигине пайдаланууга талаптагыдай сапатта өткөрүп берүүгө милдеттүү.";

7) 11-берененин 1-бөлүгү "арызынын" деген сөздөн кийин "жана укук белгилөөчү документтердин берилген көчүрмөлөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

8) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 111-берене менен толукталсын:

"111-берене. Бир нече көп кабаттуу үйлөрдү тейлеген турак жай ээлеринин шериктигинен чыгуу

1. Бир нече көп батирлүү үйлөрдү тейлеген турак жай менчик ээлеринин шериктигинен бир көп батирлүү үйдү чыгаруу жөнүндө маселе шериктиктен чыгууну демилгелеген көп батирлүү үйдүн менчик ээлеринин жалпы чогулушуна коюлат.

2. Шериктиктен чыгуу жөнүндө чечим, эгерде ага шериктиктен чыгууну демилгелеген көп кабаттуу үйдүн менчик ээлеринин жалпы санынын 51 пайызынан кем эмеси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

3. Чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жалпы чогулуштун протоколу турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кеңешине берилет. Бул документ турак жай менчик ээлеринин шериктештигин кайра уюштуруу үчүн негиз болуп саналат.

4. Турак жай менчик ээлеринин учурдагы шериктигинен чыккандан кийин менчик ээлери үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жалпы мүлктү башкаруу ыкмасын тандап алууга милдеттүү.";

9) 13-беренеде:

а) 1-бөлүктө "шериктиктин уставында" деген сөздөр "ушул Мыйзамда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктө:

- 2-пунктта "кайра уюштуруу жана" деген сөздөр алып салынсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 151-абзац менен толукталсын:

"151) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин финансылык-чарбалык ишин көз карандысыз текшерүү (аудит) үчүн аудитордук уюмду же аудиторду тартуу.";

в) 5-бөлүктүн экинчи абзацындагы "жакын туугандарына" деген сөздөр "өкүлдөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз чогулуштар башкарманын чечими боюнча, текшерүү комиссиясынын талабы боюнча же болбосо турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде он пайызынын демилгеси боюнча чакырылат.

Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кеңешин кошпогондо, өзүнүн демилгеси боюнча чогулушту чакырган жак турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кеңешине жыйналыштын күн тартибин жана датасын көрсөтүү менен кезексиз чогулушту чакыруу зарылчылыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүгө милдеттүү. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы ушул Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүүгө милдеттүү.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу төмөнкүдөй жолдор менен өтүшү мүмкүн:

1) жеке добуш берүү (күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо жана добушка коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн биргелешип катышуусу);

2) сырттан добуш берүү (сурамжылоо жүргүзүү жолу менен).

3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү жазуу жүзүндө турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ар бир мүчөсүнө кол коюу менен тапшырылат же почта аркылуу (тапшырык кат) жөнөтүлөт. Билдирүү жалпы чогулушту өткөрүү датасына чейин 10 күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

4. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүдө анын формасы, орду, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу күн тартибине киргизилбеген маселелерди талкуулоого алып чыгууга укуксуз.

5. Кезексиз чогулуш өткөрүлө турган болсо, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүдө бул жалпы чогулушту чакырууну демилгелеген жак жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

6. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасынын төрагасы алып барат. Ал жок болгон учурда жалпы чогулушту турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасынын мүчөлөрүнүн бири алып барат.

7. Ушул Мыйзам аркылуу жалпы чогулуштун компетенциясына кирген маселелер боюнча турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимдери ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 7, 12 жана 13-пункттарына ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат, ал эми 13-берененин 2-бөлүгүнүн 6 жана 12-пункттары боюнча чечимдер турак эмес жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугу менен кабыл алынат. Башка маселелер боюнча чечимдер жалпы чогулушка катышкан турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн же алардын өкүлдөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимдери турак жай менчик ээлеринин жана жайлардын менчик ээлеринин шериктигинин бардык мүчөлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.";

11) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 141 жана 142-беренелер менен толукталсын:

"141-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун жеке добуш берүү жолу менен өткөрүүнүн тартиби

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу, эгерде ага турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн же алардын өкүлдөрүнүн 50 пайыздан ашыгы катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.

Кворум жок болгон учурда турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү катышкандардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кийинки чогулушту өткөрүүнүн формасы жөнүндө чечим кабыл алат. Сырттан добуш берүү жолу менен жалпы чогулушту өткөрүү чечими кабыл алынган учурда шериктиктин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу сурамжылоо жүргүзүү үчүн үч адамдан кем эмес сандагы жооптуу адамдарды шайлайт. Жалпы чогулуштун чечими протокол менен таризделет. Каттоо баракчасы протоколго милдеттүү тиркеме болуп саналат.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жаңыдан дайындалган жалпы чогулушу өтпөй калган жалпы чогулуштун датасынан тартып 2 күндөн эрте эмес жана 30 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүшү мүмкүн.

Жалпы чогулушка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрү катыша алат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-2)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-142)
