Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
142-берене. Сырттан добуш берүү жолу менен өткөрүлүүчү турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы жалпы чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча сурамжылоо барактарын даярдайт. Добуш берүүгө коюлган маселелер боюнча сурамжылоо барагында добуш берүүгө катышкан адам жана күн тартибинин ар бир маселеси боюнча "макул", "каршы" же "калыс" деген сөздөр менен туюнтулган чечимдер жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
2. Сурамжылоо барагынын ар бир бетине турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасынын төрагасы кол коюуга тийиш жана мөөр басылышы керек.
3. Добуш берүүгө алынып чыккан маселелер боюнча сурамжылоо барактары турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ар бир мүчөсүнө жеткирилет, алар жок болгон учурда сурамжылоо жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар кол коюшкан тиешелүү акт түзүлөт.
4. Жооптуу адамдар сурамжылоо барактарын чогулткандан кийин турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт. Сурамжылоо барактары протоколго милдеттүү тиркеме болуп саналат.
5. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыктары, жарыяланган датасы көрсөтүлүү менен, маалымат стендине илинет.
6. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасын жана текшерүү комиссиясын шайлоодо сырттан добуш берүү менен өткөрүлүүчү жалпы чогулуш төмөнкүдөй 2 этапта өткөрүлөт:
1) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөттө башкарманын жана текшерүү комиссиясынын курамына талапкерлер турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү тарабынан жазуу жүзүндө сунушталат. Бул учурда сунушталган талапкерлер аларды шайлануучу башкарманын курамына киргизүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берүүгө тийиш.
2) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасына жана текшерүү комиссиясына талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын менчигинде турган жайдын дарегин камтыган сурамжылоо барагын түзүү жана жалпы чогулушту өткөрүү.";
12) 15-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бир эле адам шериктиктин башкармасына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.";
13) 16-беренеде:
а) 2-пунктта "шериктиктин мүчөлөрүнүн" деген сөздөр "жайлардын менчик ээлеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункт "башкаруу" деген сөздөн кийин "же аны башкарууга келишим түзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
14) 19-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга жана күтүүгө жайлардын менчик ээлери тарабынан үлүштөрүнө ылайык төлөнүп жаткан акча каражаттары түрүндөгү милдеттүү төлөмдөрдөн;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн учурдагы же капиталдык оңдоо жүргүзүү үчүн же материалдарды же жабдууларды сатып алуу үчүн жайлардын менчик ээлери тарабынан төлөнүп жаткан максаттуу акча каражаттары түрүндөгү төгүмдөрдөн;";
в) 3-пункт "камсыз кылуучу субсидиялардан" деген сөздөрдөн кийин "(гранттардан)" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка түшүүлөрдөн.";
15) 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул Мыйзамда каралган милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда башкарманын, текшерүү комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү жана турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.";
16) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү же турак жана турак эмес жайдын менчик ээлери төмөнкүдөй учурларда милдеттүү төгүмдөрдү жүргүзбөөгө жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башка чыгашаларын төлөбөөгө укуктуу:
1) эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктиги 2026-жылдын 1-январынан тартып накталай эмес жол менен эсептешүүнү жүзөгө ашырбаса;
2) эгерде башкарманын мүчөлөрү өз иштери жөнүндө отчет бербесе жана Турак жай кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шериктиктин финансылык отчетун бербесе;
3) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин атынан башкарманын төрагасынын жеке максаттары үчүн бүтүмдөрдү түзсө;
4) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнүн Турак жай кодексинин ченемдерине дал келбесе.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөсү же шериктикке кирбеген жайдын менчик ээси ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенден кийин төлөөлөрдү кайра баштоого жана милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.";
17) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 221-берене менен толукталсын:
"221-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жайларын жалдоочулардын (ижарачылардын) милдеттери Турак жана турак эмес жайларды жалдоочулар, менчик ээлери болуп саналбаган жана алар тарабынан ыйгарым укук берилбеген ижарачылар шайлоо укугуна ээ эмес жана турак жай менчик ээлеринин шериктигин башкарууга катышууга укугу жок, бирок турак жай ээлеринин шериктиги үчүн жалпы эрежелерди сактоого милдеттүү. Эгерде турак же турак эмес жайдын менчик ээси көп убакыттан бери жок болгон жана жалпы мүлктү сактоо боюнча милдеттенмени үч айдан ашык аткарбаган учурда, мындай милдеттер ижарага алынган турак жайда жашаган же башка турак эмес жайды ижарага алган адамдар тарабынан аткарылат. Мында жалпы мүлктү күтүүгө кеткен чыгашалар ижара акысынын эсебинен чыгарып салынат.";
18) 23-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эгерде жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болсо, жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн капиталдык же учурдагы оңдоого финансылык каражаттарды берүүгө укуктуу. Шериктиктерге жергиликтүү маанидеги айрым маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте келишимдик негизде өткөрүп берилиши мүмкүн.".
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112670/st-142" title="142-берене - Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>