# 1-берене

- Документ: [Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 182 "Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3424/edition/1279524/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112670/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-берененин 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 13-беренеде:

а) 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 14-пункттагы "администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15) менчигинин түрүнө карабастан көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн техникалык жана санитардык абалына жана өз убагында оңдоого контролду жүзөгө ашыруу;";

3) 31-берененин 4-9-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 33-беренеде:

а) 6-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Башкаруучу уюм (башкаруучу) төмөнкүлөргө милдеттүү:

- банктык эсепке мүлктү башкаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү кабыл алууга жана накталай эмес формада кирешелерди жана чыгашаларды жүргүзүүгө;

- кирешелер жана чыгашалар боюнча кагаз жана электрондук ташыгычтарда ар бир менчик ээси үчүн жеткиликтүү болгон ачык-айкын бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө;

- квартал сайын же келишимде белгиленген мөөнөттө менчик ээлерине турак жай ээлеринин шериктигинин иши, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет берүүгө;

- сарамжалдуулукту сактоого жана акча каражаттарын үнөмдөөгө.";

5) 37-берененин 7-бөлүгүндө:

а) бөлүк "өндүрүп алуу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына же" деген сөздөр менен толукталсын;

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ыйгарым укуктуу органдар же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу жактар кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жалпы мүлктү кармап-күтүү боюнча чыгымдарга бир жылдан ашык катышпаган жайлардын менчик ээлеринин карызы жөнүндө маалыматтарды кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте берүүгө укуктуу.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112670/st-2)
