1-берене
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 13-беренеде:
а) 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 14-пункттагы "администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) менчигинин түрүнө карабастан көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн техникалык жана санитардык абалына жана өз убагында оңдоого контролду жүзөгө ашыруу;";
3) 31-берененин 4-9-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 33-беренеде:
а) 6-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Башкаруучу уюм (башкаруучу) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- банктык эсепке мүлктү башкаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү кабыл алууга жана накталай эмес формада кирешелерди жана чыгашаларды жүргүзүүгө;
- кирешелер жана чыгашалар боюнча кагаз жана электрондук ташыгычтарда ар бир менчик ээси үчүн жеткиликтүү болгон ачык-айкын бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө;
- квартал сайын же келишимде белгиленген мөөнөттө менчик ээлерине турак жай ээлеринин шериктигинин иши, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет берүүгө;
- сарамжалдуулукту сактоого жана акча каражаттарын үнөмдөөгө.";
5) 37-берененин 7-бөлүгүндө:
а) бөлүк "өндүрүп алуу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына же" деген сөздөр менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдар же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу жактар кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жалпы мүлктү кармап-күтүү боюнча чыгымдарга бир жылдан ашык катышпаган жайлардын менчик ээлеринин карызы жөнүндө маалыматтарды кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте берүүгө укуктуу.".
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112670/st-1" title="1-берене - Көп кабаттуу үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>