# 9-берене. Калдыктарды классификациялоо

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 9-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-9

---

1. Калдыктар, анын ичинде коммуналдык калдыктар төмөнкүлөргө жараша мындай түрлөргө бөлүнөт:

- келип чыгышына - өндүрүш калдыктарына жана керектөө калдыктарына;

- агрегаттык абалына - катуу калдыктарга жана суюк калдыктарга;

- коркунуч даражасына - кооптуу калдыктарга жана кооптуу эмес калдыктарга;

- аларды пайдалануу мүмкүндүгүнө - экинчи материалдык ресурстарга жана өндүрүштүн жана керектөөнүн башка калдыктарына.

2. Калдыктар кооптуулук класстары боюнча төмөнкүдөй классификацияланат:

- кооптуулуктун биринчи (I) классы - өзгөчө кооптуу;

- кооптуулуктун экинчи (II) классы - өтө кооптуу;

- кооптуулуктун үчүнчү (III) классы - орточо кооптуу;

- кооптуулуктун төртүнчү (IV) классы - аз кооптуу;

- кооптуулуктун бешинчи (V) классы - иш жүзүндө коопсуз.

3. Кыргыз Республикасынын Калдыктар классификаторун (мындан ары - Калдыктар классификатору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-10)
