# 7-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 7-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-7

---

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- калдыктар менен иштөөгө байланышкан документтерди мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнү;

- калдыктар менен экологиялык жактан коопсуз иштөө тартибин жөнгө салган жана айлана-чөйрө менен адамдын ден соолугу үчүн калдыктардын коопсуздугунун талаптарын белгилеген эрежелерди жана ченемдерди иштеп чыгууну;

- калдыктардын мамлекеттик кадастрын жүргүзүүнү уюштурууну;

- калдыктардын кооптуулугунун классын белгилөө жана Калдыктардын классификаторун жүргүзүүнү;

- калдыктар менен иштөө жаатында эл аралык кызматаштыкты жүргүзүү, эл аралык тажрыйбаны иликтөө, жалпылоо жана таратуу;

- калдыктар менен иштөө боюнча маалыматка коомчулуктун жетүүсүн камсыз кылуу;

- калдыктар менен иштөө, анын ичинде экинчи материалдык ресурстар менен иштөө чөйрөсүндөгү ишти координациялоо.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-8)
