# 6-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 6-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-6

---

Калдыктар менен иштөө жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- калдыктар менен байланышкан апааттарды, аварияларды четтетүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- калдыктар менен иштөө жаатында региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу;

- калдыктарды утилдештирүү жана жайгаштыруу боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткандарын кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетти уюштуруу;

- калктуу конуштардын аймактарында коммуналдык калдыктар менен иштөө системасын уюштуруу;

- калктуу конуштардын аймактарынан калдыктарды чогултуу жана чыгаруу боюнча эрежелерди бекитүү;

- калктуу конуштардын аймактарында калдыктар менен иштөө боюнча калкты маалымат менен камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-7)
