# 5-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 5-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-5

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын калдыктар менен иштөө жаатындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- калдыктар менен байланышкан апааттарды, аварияларды четтетүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу;

- калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү жана жайгаштыруу боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткан объекттерди кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын, жергиликтүү бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын чогултууну уюштуруу;

- коммуналдык калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу системасын уюштуруу, ал анын ичинде аларды (тамак-аш калдыктарын, түстүү жана кара металлдар, текстиль, айнек, кагаз ж.б.) өзүнчө чогултууну, калдыктарды ташууну, иштетүүнү, кайра иштетүүнү, зыянсыздандырууну, көмүүнү, ошондой эле ведомствого караштуу аймакты кайра культивациялоону карайт;

- калктуу конуштардын аймактарында коммуналдык калдыктарды жүгүртүү системасын уюштуруу;

- калктуу конуштардын аймактарынан калдыктарды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча эрежелерди бекитүү;

- калктуу конуштардын аймагында калдыктар менен иштөө боюнча калкты маалымат менен камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-6)
