32-берене. Калдыктар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 6-глава
1. Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдарды бузууларга төмөнкүлөр кирет:
- ушул Мыйзамдын, эл аралык макулдашуулар менен келишимдердин талаптарын сактабоо;
- калдыктар менен иштөөдө айлана-чөйрөнүн сапатынын стандарттарын, ченемдерин жана башка нормативдерин сактабоо;
- калдыктар менен иштөөдө айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын, жеке ишкерлердин мүлкүнө зыян келтирүү;
- баштапкы эсепке алуунун талаптарын аткарбоо, мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн тиешелүү органдарына калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты өз убагында бербөө же анык эмес маалыматты берүү;
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун болушу зарыл болгон учурда анын жоктугу;
- калдыктарды бул максаттар үчүн атайын арналбаган жерлерге жайгаштыруу;
- мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын жазма буйруктарын аткарбоо;
- калдыктарды чек ара аркылуу ташуу тартибин бузуу;
- калдыктар көмүлүүчү жерлердин мониторингин жана рекультивациясын жүргүзүү боюнча талаптарды бузуу;
- калктуу конуштарды калдыктардан тазалоонун белгиленген тартибин бузуу;
- калдыктарды ташуунун белгиленген тартибин бузуу.
2. Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Жоопкерчиликке тартуу юридикалык жана жеке жактарды, жеке ишкерлерди жарандардын ден соолугуна жана/же алардын, башка юридикалык жактардын мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.
4. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуунун кесепетинен болуп өткөн булганууну мындай бузууга жол берген жак жоёт.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-32" title="32-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>