# 30-берене. Товарларды пайдалануунун калдыктарын эсепке алуу

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 30-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-30

---

1. Товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү маалыматты чогултуу, иштетүү жана сактоо товарларды пайдалануунун калдыктарын эсепке алуунун бирдиктүү маалымат системасында (мындан ары - система) камсыз кылынат.

2. Системаны түзүү, эксплуатациялоо жана өркүндөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Системада жайгаштырылуучу маалыматтын курамын, аны берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

4. Системанын оператору болуп РОП оператору саналат. Системаны эксплуатациялоо максатында РОП оператору башка юридикалык жана жеке жактарды, жеке ишкерлерди тартууга укуктуу.

5. Системадагы маалыматты мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, компетенттүү орган, РОП оператору, калдыктарды кайра иштетүү объекттеринин менчик ээлери, товарлар, керектүү касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон аларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, ошондой эле товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырып жаткан башка юридикалык жана жеке жактар жайгаштырат.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар маалымат толук, ишенимдүү, актуалдуу болушу жана ал системада өз учурунда жайгаштырылышы үчүн жоопкерчиликти көтөрөт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-31)
