30-берене. Товарларды пайдалануунун калдыктарын эсепке алуу
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 5-глава
1. Товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү маалыматты чогултуу, иштетүү жана сактоо товарларды пайдалануунун калдыктарын эсепке алуунун бирдиктүү маалымат системасында (мындан ары - система) камсыз кылынат.
2. Системаны түзүү, эксплуатациялоо жана өркүндөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
3. Системада жайгаштырылуучу маалыматтын курамын, аны берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
4. Системанын оператору болуп РОП оператору саналат. Системаны эксплуатациялоо максатында РОП оператору башка юридикалык жана жеке жактарды, жеке ишкерлерди тартууга укуктуу.
5. Системадагы маалыматты мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, компетенттүү орган, РОП оператору, калдыктарды кайра иштетүү объекттеринин менчик ээлери, товарлар, керектүү касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон аларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, ошондой эле товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырып жаткан башка юридикалык жана жеке жактар жайгаштырат.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар маалымат толук, ишенимдүү, актуалдуу болушу жана ал системада өз учурунда жайгаштырылышы үчүн жоопкерчиликти көтөрөт.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-30" title="30-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>