# 3-берене. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 3-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-3

---

Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- кооптуу химиялык заттарды пайдалануунун алдын алуу;

- аз калдыктуу технологиялык процесстерди киргизүүнүн артыкчылыгы;

- калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө тартуу үчүн экономикалык өбөлгө түзүү механизмдерин пайдалануу;

- жаратылышты коргоонун жана санитардык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз түрдө боло тургандыгы;

- калдыктар менен иштөө боюнча чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик экологиялык экспертизаны милдеттүү түрдө жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калдыктар менен иштөө жаатындагы маалыматтарды ээн-эркин алуу;

- калктын кызыкчылыктарын козгогон чечимдерди улуттук кызыкчылыктарды коргоону эске алуу менен кабыл алуу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-4)
