26-берене. Калдыктардын мамлекеттик кадастры
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 5-глава
1. Калдыктарды эсепке алуу боюнча маалыматтардын иретке келтирилген жыйындысы калдыктардын мамлекеттик кадастрында түзүлөт.
2. Калдыктардын мамлекеттик кадастрын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик классификаторлордун, техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын негизинде бирдиктүү методология боюнча жүргүзөт.
3. Калдыктардын мамлекеттик кадастрын жүргүзүүнүн тартиби жана анын мазмуну айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-26" title="26-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>