# 24-берене. Калдыктар менен иштөөнү нормалоо

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 24-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-24

---

1. Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2. Калдыктардын пайда болушунун нормативдери калдыктардын пайда болушунун сандык көрсөткүчтөрүн, калдыктарды сактоо лимиттерин жана көмүү лимиттерин аныктоо максатында калдыктар жайгаштырылуучу объекттерде сакталууга же көмүлүүгө тийиш болгон калдыктар үчүн белгиленет.

Өндүрүш калдыктарынын пайда болушунун нормативдерин ушул калдыктарды өндүрүүчүлөр иштеп чыгат жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Коммуналдык калдыктардын пайда болушунун нормативдери ведомстволук аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылганда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.

3. Калдыктарды жайгаштыруунун чектүү санынын жана алардагы кооптуу заттардын чектүү курамынын нормативдери калдыктар менен аларда камтылган кооптуу заттардын айлана-чөйрөдө булганч заттардын жол берилген эң жогорку топтолушунун нормативдеринен ашып кетишине алып келбей турган деңгээлде белгиленет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-25)
