24-берене. Калдыктар менен иштөөнү нормалоо
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 5-глава
1. Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга милдеттүү.
2. Калдыктардын пайда болушунун нормативдери калдыктардын пайда болушунун сандык көрсөткүчтөрүн, калдыктарды сактоо лимиттерин жана көмүү лимиттерин аныктоо максатында калдыктар жайгаштырылуучу объекттерде сакталууга же көмүлүүгө тийиш болгон калдыктар үчүн белгиленет.
Өндүрүш калдыктарынын пайда болушунун нормативдерин ушул калдыктарды өндүрүүчүлөр иштеп чыгат жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Коммуналдык калдыктардын пайда болушунун нормативдери ведомстволук аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылганда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.
3. Калдыктарды жайгаштыруунун чектүү санынын жана алардагы кооптуу заттардын чектүү курамынын нормативдери калдыктар менен аларда камтылган кооптуу заттардын айлана-чөйрөдө булганч заттардын жол берилген эң жогорку топтолушунун нормативдеринен ашып кетишине алып келбей турган деңгээлде белгиленет.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-24" title="24-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>