# 21-берене. Калдыктар менен иштөөгө мамлекеттик контроль

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 21-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-21

---

1. Калдыктар менен иштөөгө мамлекеттик контролду экологиялык жана техникалык коопсуздук, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.

2. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик контроль өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- калдыктар менен иштөө боюнча мыйзамдардын талаптарын, анын ичинде эл аралык макулдашууларда жана келишимдерде каралган талаптарды юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер сакташына контролдук кылууну, бул талаптарды бузууларды табууну жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүүнү;

- калдыктар менен иштөөдө жаратылышты коргоочу, санитардык жана экологиялык нормативдердин аткарылышына контролду;

- калдыктар жөнүндө берилүүчү маалыматтын жана отчеттун аныктыгына контролду;

- калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты чогултууну, иштетүүнү жана талдоону;

- иштеп жаткан өндүрүштөрдү талдоону, топтолгон калдыктардын көлөмүн азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн жана ыкмаларын табууну, аларды чийки зат катарында чарбалык жүгүртүүгө алда канча толук тартууга контролду;

- калдыктар жөнүндө мыйзамды бузуунун натыйжасында күнөөлүү адамдарды белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууну, айып санкцияларын колдонууну, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо коюну;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы ишти чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну;

- калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты калктын эркин алышын камсыз кылууга контролду.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде калдыктар менен иштөөгө мониторинг жүргүзөт.

4. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу органдардын чечимдерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-22)
