# 19-берене. Калдыктарды чек ара аркылуу ташуу

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 19-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-19

---

1. Калдыктарды зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу максатында аларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салынат.

2. Кооптуу жана башка калдыктарды чек ара аркылуу ташууну мамлекеттик жөнгө салуу тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

3. Кооптуу жана башка калдыктарды ташып чыгууга (ташып келүүгө) контролду бажылык, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу бийлик органдары камсыз кылат.

4. Калдыктарды Кыргыз Республикасына ташып келүүгө аларды Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү максатында гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-20)
