18-берене. Калдыктарды ташууга талаптар
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Калдыктарды ташуу ташылуучу калдыктардын айлана-чөйрөгө, жарандардын ден соолугуна, мүлккө зыяндуу таасирин болтурбоону камсыз кылуучу транспорт каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлөт жана ушул Мыйзамга, жарандык мыйзамдарга жана транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Өндүрүш калдыктарын ташуу жөнүндө коштоочу документ (калдыктарды ташуу жөнүндө келишим) болгондо калдыктарды ташууга жол берилет, буга коммуналдык калдыктарга тиешелүү болгон калдыктарды көмүүгө (кызмат көрсөтүүгө түзүлгөн келишимдерге ылайык) ташуу учурлары кирбейт, аларды ташууну коммуналдык калдыктарга тиешелүү калдыктарды жыйноону жана ташып чыгарууну жүргүзүүчү ишканалар ишке ашырат.
Калдыктарды ташуу жөнүндө коштоочу документ ташылуучу калдыктардын менчик ээси тарабынан таризделет жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- ташылуучу калдыктарды өндүрүүчү жөнүндө;
- эгерде ташылуучу калдыктардын менчик ээси аларды өндүрүүчү болуп саналбаса, ал жөнүндө;
- ташылуучу калдыктарды алуучу жөнүндө;
- калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер жөнүндө;
- калдыктарды ташуу жүзөгө ашырылып жаткан транспорт каражаты жөнүндө;
- ташылуучу калдыктарды таңгактоо жөнүндө.
3. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калдыктарды ташууну коштоочу документтин формасын бекитет, ошондой эле аны тариздөө тартибин белгилейт.
4. Транспорттун конкреттүү (автомобиль, темир жол, суу ж.б.) түрлөрүндө кооптуу калдыктарды ташуу тартиби, жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууга талаптар жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башка зарыл талаптар кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталат.
5. Калдыктарды транспорт каражатына жүктөгөн жана аларды кооптуу калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу уюм же жеке жак, жеке ишкер кабыл алган учурдан тартып жана аларды белгиленген жерде транспорт каражатынан түшүргөнгө чейин алар менен коопсуз иштөө үчүн юридикалык жоопкерчиликти бул транспорт каражаты таандык болгон транспорттук уюм тартат.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-18" title="18-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>