# 15-берене. Калдыктарды зыянсыздандырууга талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 15-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-15

---

1. Калдыктарды зыянсыздандыруу эксплуатациялоо ушул Мыйзамда, калдыктар менен иштөө, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлө турган калдыктарды зыянсыздандыруу объекттеринде гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Биологиялык калдыктар 2025-жылдын 1-январынан тартып малдын өлүгүн өрттөөчү мештерде өрттөө (кремациялоо) жолу менен милдеттүү түрдө жок кылынууга тийиш. Кийин калдыктарды жерге көмүү менен биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) зыянсыздардырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда жол берилет. Жаныбарлар жаратылыш кырсыгынан жапырт кырылган жана биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) утилдештирүү, өрттөө же зыянсыздандыруу үчүн аларды ташууга мүмкүн болбогон учурда малдын өлүгүн жерге көмүүгө жол берилет. Малдын өлүгүн биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) өрттөө (кремациялоо), зыянсыздандыруу жана биологиялык калдыктар жаткан жерге көмүү боюнча ветеринардык-санитардык иш-чаралардын тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

2. Калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча иш лицензияланууга тийиш, анын тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Туруктуу органикалык булгоочу заттардын пайда болушуна алып келүүчү технологияларды колдонуу менен калдыктарды зыянсыздандырууга, ошондой эле экинчи материалдык ресурстарды зыянсыздандырууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-16)
