# 14-берене. Калдыктарды кайра иштетүүгө талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 14-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-14

---

1. Калдыктарды кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Туруктуу органикалык булгоочу заттардын пайда болушуна алып келүүчү технологияларды колдонуу менен калдыктарды кайра иштетүүгө тыюу салынат.

Кооптуулуктун I-V класстарындагы калдыктарды кайра иштетүү боюнча иш мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде лицензияланууга тийиш. Лицензиялоо жол-жобосун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Калдыктарды кайра иштетүү боюнча эксплуатациялоого киргизилген объекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестринде катталууга тийиш.

Калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестрин РОП оператору жүргүзөт.

4. Мындай объекттердин реестрине кирбеген калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттерди эксплуатациялоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-15)
