# 13-берене. Калдыктарды чогултууга талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 13-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-13

---

1. Калдыктарды чогултууну жүзөгө ашырууда калдыктарды түрлөрү боюнча (металл, айнек, текстиль, макулатура, пластмасса, резина, тамак-аш калдыктары ж.б.) бөлүүнү камсыз кылуу зарыл.

2. Түрлөрү боюнча бөлүүнү калдыктарды өндүрүүчүлөр же алар ыйгарым укук берген юридикалык жактар же калдыктар менен иштөөнү жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жүргүзөт.

Эгерде калдыктарды өндүрүүчү калдыктарды түрлөрү боюнча бөлүү боюнча талаптарды аткарбаса, анда аларды түрлөрү боюнча бөлүүнү бул калдыктарга менчик укугу өткөн юридикалык жак же жеке ишкер жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-14)
