# 12-берене. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү эксплуатациялоо учурундагы талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 12-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-12

---

1. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү эксплуатациялоонун жүрүшүндө юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- топтолгон калдыктарды түгөлдөөнү жүргүзүүгө жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдарга, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экологиялык жана техникалык коопсуздук, санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү контролдоо-көзөмөлдөө органдарына так маалымат берүүгө;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы өндүрүштүк контролду жүргүзүүгө;

- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга калдыктар менен иштөө боюнча зарыл маалыматты берүүгө;

- авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча талаптарды сактоого;

- экологиялык кесепеттери бар өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда бул жөнүндө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка тез арада маалымдоого;

- калдыктарды чек ара аркылуу ташуу учурунда кооптуу калдыктарды чек ара аркылуу ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын жетекчиликке алууга.

2. Экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жок кылынбай турган калдыктар топтолгон өндүрүштөрдү эксплуатациялоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-13)
