12-берене. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү эксплуатациялоо учурундагы талаптар
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү эксплуатациялоонун жүрүшүндө юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- топтолгон калдыктарды түгөлдөөнү жүргүзүүгө жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдарга, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экологиялык жана техникалык коопсуздук, санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү контролдоо-көзөмөлдөө органдарына так маалымат берүүгө;
- калдыктар менен иштөө жаатындагы өндүрүштүк контролду жүргүзүүгө;
- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга калдыктар менен иштөө боюнча зарыл маалыматты берүүгө;
- авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча талаптарды сактоого;
- экологиялык кесепеттери бар өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда бул жөнүндө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка тез арада маалымдоого;
- калдыктарды чек ара аркылуу ташуу учурунда кооптуу калдыктарды чек ара аркылуу ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын жетекчиликке алууга.
2. Экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жок кылынбай турган калдыктар топтолгон өндүрүштөрдү эксплуатациялоого тыюу салынат.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112668/st-12" title="12-берене - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>