# 11-берене. Ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо учурундагы талаптар

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 11-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-11

---

1. Иштеп жаткан ишканаларды жана курулмаларды долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо учурунда юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- калдыктар менен иштөө жаатында айлана-чөйрөнүн сапатынын белгиленген стандарттарын, ченемдерин жана башка нормативдерин сактоого;

- долбоорду ишке ашыруу башталганга чейин калдыктар менен иштөөгө байланышкан ишти регламенттеген долбоорлорго жана башка документтерге мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусуна ээ болууга.

2. Курулуш ишин жүзөгө ашырууда калдыктар менен иштөө архитектура, шаар куруу жана курулуш иши жөнүндө, айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарда, ушул Мыйзамда жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөт.

3. Курулушка, анын ичинде реставрациялык иштерге, капиталдык жана учурдагы оңдоого, имараттарды жана курулмаларды бузууга, имараттарды жана конструкцияларды монтаждоого жана демонтаждоого, ошондой эле курулуш аянтында чогултулуучу элементтерди тургузууга долбоордук документтерди иштеп чыгууда калдыктар менен иштөө боюнча иш-чаралардын комплекси каралууга тийиш, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- пайда болгон калдыктардын сандык жана сапаттык (химиялык курамы, агрегаттык абалы, кооптуулук классы ж.б.) көрсөткүчтөрүн аныктоону;

- курулуш аянтында калдыктарды топтоо жерлерин аныктоону;

- калдыктарды сактоонун санкцияланган жерлерине, калдыктарды көмүүнүн санкцияланган жерлерине, же болбосо калдыктарды зыянсыздандыруу объекттерине жана (же) калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча объекттерге калдыктарды ташуу боюнча долбоордук чечимдерди;

- Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө жаатындагы мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган башка иш-чаралар.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-12)
