# 10-берене. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө

- Документ: [Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112668)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 181 "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3422/edition/1273980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112668/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, 10-берене (15.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-10

---

1. Калдыктардын кооптуулугунун класстары Калдыктар классификаторунда көрсөтүлөт.

2. Эгерде калдыктардын кооптуулук класстары Калдыктар классификаторунда көрсөтүлбөсө, калдыктардын кооптуулук классы аларды өндүрүүчүлөр тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бардык пайда болгон калдыктар үчүн белгиленет.

Эгерде калдыктарды өндүрүүчү калдыктардын кооптуулук классын белгилөөнү камсыз кылбаса, анда аларды белгилөөнү бул калдыктарга менчик укугу өткөн юридикалык жак же жеке ишкер жүзөгө ашырат.

3. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө калдыктардын айлана-чөйрө, жарандардын ден соолугу, мүлк үчүн кооптуу касиеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Калдыктардын кооптуулук классы жөнүндө корутунду калдыктардын кооптуу касиеттерин аныктоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.

6. Кооптуу калдыктардын кооптуулук классы калдыктардын кооптуу касиеттерин изилдөөнүн натыйжалары боюнча аныкталган кооптуулуктун алда канча жогорку классына жараша белгиленет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112668/st-11)
