# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112667)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 177 "Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112667/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3421/edition/1274186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112667/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө, 4-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112667/st-4

---

Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында төмөнкүлөргө тыюу салуу киргизилет:

- товарларды жана жеке буюмдарды ташууда жана таңгактоодо жеке пайдалануусу үчүн жеке адамдардын алып келе жаткан пакеттерин, ошондой эле пломбаланган жүк отсектеринде товарларын транзиттик алып өтүүнү кошпогондо, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди ташып кирүүгө;

- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пластик буюмдарды ташып кирүүгө;

- экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, ошондой эле турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана рулондоп сатылуучу пакеттерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды 2024-жылдын 1-январынан тартып өндүрүүгө;

- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды пайдаланууга - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин;

- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин;

- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө акысыз берүүгө - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112667/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112667/st-5)
