# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112667)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 177 "Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112667/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3421/edition/1274186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112667/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө, 2-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112667/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат:

1) ташып кирүү - Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймагынын чек арасын кесип өтүү менен байланышкан жана алардын натыйжасында полимер пленкасынан жасалган пакеттер жана пластик буюмдар түпкү керектөөчү үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймагына келүү аракеттерин ар кандай ыкма менен жасоо;

2) өндүрүү - кийин сатуу жана түпкү керектөө үчүн жарактуу түрдө болгон, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өз алдынча же болбосо үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн тартуу менен даярдоо;

3) жүгүртүү - ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарына ташып кирүү, өндүрүү, пайдалануу, сатуу жана соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө акысыз берүү;

4) полимер пленкасынан жасалган пакеттер - калыңдыгына жана киргизилген кошулмаларына карабастан полиэтиленден, полипропиленден, поливинилхлоридден, полистиролдон жана башка полимерлерден даярдалган, турмуш-тиричилик максатында колдонулуучу полимер пленкасынан жасалган таңгактоо пакеттери;

5) сатуу - Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында акчалай каражаттарын алуу менен коштолгон, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган өндүрүлгөн же кайра сатылуучу пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин сатуу;

6) пластик буюмдар - полимер термопластикалык материалдарды кайра иштетүү процессинде алынган буюмдар.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112667/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112667/st-3)
