# 9-берене. Мамлекеттик билим берүү стандарттары

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 октября 2025 года № 210 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032684)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.10.2025 [Закон КР от 14 октября 2025 года № 210 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032684); 30.01.2025 [Закон КР от 30 января 2025 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021496)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=31376..38627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 9-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-9

---

1. Кыргыз Республикасында билим берүү деңгээлдерине төмөнкүдөй мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет: мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү.

2. Мектепке чейинки, жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттерин иштеп чыгуу процесси билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен инклюзивдик билим берүүнү, экономиканын керектөөлөрүн жана жарандардын билим алуу муктаждыктарын эске алып, ачык, демократиялуу уюштурулат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Мамлекеттик билим берүү стандарттары менчигинин түрүнө карабастан, бардык билим берүү уюмдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

4. Өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары мамлекеттик билим берүү стандарттарына теңештирилген билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгуу жана бекитүү укуктарына ээ.

5. Коргоо, ички иштер, саламаттык сактоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана прокуратура органдарынын иши чөйрөлөрүндө кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу ушул чөйрөлөрдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

6. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо билим берүү деңгээлине, өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына жараша дайыма жүргүзүлүп турат.

7. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экономиканын, иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарын жана жарандардын билим алууга керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптик билим берүү программалары боюнча эксперименталдык билим берүү стандарттарын бекитүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 30-январындагы № 32, 2025-жылдын 14-октябрындагы №210 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-10)
