# 8-берене. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын принциптери

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 8-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-8

---

1. Билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу стратегиялык багыты болуп саналат.

2. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, жаппы мамлекеттик программаларды бекитүү аркылуу жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасында билим берүү калктын, дүйнөлүк маданияттын гуманисттик баалуулуктарынын жана демократиянын принциптерине негизденет.

4. Билим берүүнү уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) сапаттуу билим алууга ар бир жарандын укугунун бирдейлиги;

2) туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү системасы тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;

3) ар бир билим алуучуга коомдун пайдалуу мүчөсү болууга мүмкүндүк берүүчү, демократиялык жана өнүгүшү илимий билимдерге, өз ара түшүнүшүүгө, толеранттуулукка жана коом мүчөлөрүнүн ортосундагы тынчтыкка негизделген светтик коомду өнүктүрүүгө түрткү берүүчү билим берүү системасын түзүү;

4) ар бир адамдын башталгыч, негизги жана орго жалпы билим алуусунун милдеттүүлүгү;

5) билим берүүдөгү ырааттуулук жана үзгүлтүксүздүк;

6) мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн, кесиптик башталгыч билим берүүнүн акысыздыгы;

7) билим алуучуларда дүйнө жөнүндө илимий көз карашын жана жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктардын гармониялуу системасын калыптандырууга багытталган билим берүүнүн гуманистик мүнөздөмөсү;

8) билим берүү уюмдарында окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун светтик мүнөзү;

9) билим берүүнүн саясий жана диний институттардан көз карандысыздыгы;

10) билим берүү жана тарбиялоо процесстеринин биримдиги, системдүүлүгү жана үзгүлтүксүздүгү;

11) билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жоопкерчиликтерин жана ролдорун жогорулатуу;

12) билим берүү уюмдарынын окутуунун, тарбиялоонун типтери, түрлөрү жана формалары, иш багыттары жана программалары, менчик формалары боюнча көп түрдүүлүгү;

13) өлкөнүн башка маалымат системалары менен интеграциялоо үчүн бардык билим алуучулар үчүн билим берүү ресурстарынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүүнү санариптештирүүнү өнүктүрүү; билим берүүнүн жаңы технологияларын пайдалануу, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоо;

14) бардык деңгээлдерде билим берүү сапатын камсыз кылуунун натыйжалуу системасын түзүү;

15) бүтүрүүчүлөрдүн заманбап көндүмдөрдү жана компетенцияларды калыптандырууга жана алууга багытталган күтүлгөн окутуу жыйынтыгына жетишүүсү;

16) ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык алдыңкы тажрыйбанын жетишүүсүнө багыт алуу;

17) билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндиги жана академиялык чынчылдыгы;

18) педагогикалык кызматкердин статусун көтөрүү, анын кесиптик деңгээлинин өсүшүнө шарттарды түзүү, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик бирикмелерин өнүктүрүү;

19) билим берүү кызматтарынын экспортун өнүктүрүү;

20) билим берүү уюмдарынын бардык кызыкдар тараптар менен социалдык өнөктөштүгүн өнүктүрүү;

21) билим берүү системасын өнүктүрүүгө бардык кызыкдар тараптарды тартуу, өбөлгөлөө жана аракеттерин координациялоо;

22) билим берүү уюмдарынын автономиясы;

23) менчигинин формасына карабастан, бардык билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттар, билим берүү чөйрөсүндө атаандаштыкты чектөөгө жол бербестик;

24) билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин үзгүлтүксүздүгүн жана бири-бирин толуктап турушун камсыз кылуучу бүтүндүгү;

25) эл аралык мыкты стандарттарга ылайык сапаттуу билимге жетишүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-9)
