# 7-берене. Билим берүүнүн деңгээлдери

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 7-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-7

---

1. Кыргыз Республикасында билим берүү билим берүүнүн төмөнкү баскычтары аркылуу ишке ашырылат:

1) мектепке чейинки билим берүү;

2) жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү;

3) кесиптик (башталгыч, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки) билим берүү;

4) кошумча билим берүү (балдарга, эрезеге жеткендерге билим берүү жана кошумча кесиптик билим берүү).

2. Билим берүүнүн деңгээлдери формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү болуп бөлүнөт. Мамлекет формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташууга шарттарды түзөт жана колдойт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-8)
