# 64-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 64-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-64

---

Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, календардык бир жыл ичинде:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып 2026-жылдын 1-сентябрына чейин билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоо механизмин пилоттук режимде киргизүү боюнча чараларды көрсүн, анын натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ваучердик каржылоо механизмин киргизүүнү жүзөгө ашырсын;

3) ваучердик каржылоо механизмин пилоттук киргизүүнүн натыйжалары боюнча ушул Мыйзамдын 50-беренесине жана башка укуктук-ченемдик актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

4) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып орто жалпы билим берүү базасында жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде кесиптик орто билим берүү уюмдарына кабыл алууну жана өткөндөрдү каттоону баштасын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-63)
