# 61-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган этникалык кыргыздарга, башка өлкөлөрдүн жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга билим берүү кызматтарын көрсөтүү

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 61-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-61

---

1. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттерде жашаган этникалык кыргыздарга, башка чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде атайын билим берүү уюмдарын түзүү түрүндө билим берүү кызматтарын көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби мамлекеттер аралык келишимдер, ошондой эле жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынат.

2. Башка мамлекеттердин жараны болгон этникалык кыргыздарга мамлекеттик билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен квота берилет.

3. Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештер үчүн менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан билим берүү уюмдарында окуу акысын төлөөнүн Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттары белгиленет.

4. Этникалык кыргыздардын жана чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештердин контракт формасы боюнча окуусу үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын жарандарынан алынган өлчөмдө алынат.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-62)
