# 60-берене. Эл аралык кызматташтык

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 60-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-60

---

1. Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыгы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет.

2. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, билим берүү уюмдары чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар жана мекемелер менен түз байланыштарды түзүүгө, билим берүүнүн жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык изилдөөлөргө Кыргыз Республикасынын катышуусуна көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүүчү илимий жана илимий-изилдөө программаларын жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана билим берүү жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттер аралык жана эл аралык коомдук билим берүү бирикмелерине кирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-61)
