# 6-берене. Билим берүү системасы

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 6-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-6

---

Кыргыз Республикасынын билим берүүсү билим алууга конституциялык укукту ишке ашырууга жана сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталган уюмдардын, мамлекеттин саясатынын жана чараларынын өз ара аракеттенүүсүнө кепилдик берүүчү бүтүн, комплекстүү интеграцияланган система болуп саналат. Билим берүү системасына төмөнкүлөр кирет:

1) билим берүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде билим берүүнү уюштуруу, башкаруу жана каржылоо маселелериндеги мамлекеттик саясат, мамлекеттик билим берүү стандарттары;

2) билим берүү уюмдары;

3) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

4) билим берүү процессинин катышуучулары.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-7)
