Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
59-берене. Билим берүү тутумунда менчиктин мамилелери
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6
1. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына уставда каралган ишин камсыз кылуу максатында, имараттар, курулмалар, жабдуулар, ошондой эле керектелүүчү, социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл болгон башка мүлктөр ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
2. Билим берүү уюмуна жеке жана юридикалык жактар тарабынан ага тартуу, кайрымдуулук формасында берилген акча каражаттарына, мүлккө жана башка менчик объекттерине, билим берүү уюмунун ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктуларына, ошондой эле өз ишинен түшкөн кирешелерге жана бул кирешелерге сатып алынган мүлккө менчик укугу таандык. Аларды ажыратуу маселелери өз алдынча чечилет.
3. Атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк билим берүү уюмунун өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына белгиленген тартипте аларга бөлүнгөн жер участоктору ыкчам башкаруу укугунда берилет. Бул участокторду пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен жөнгө салынат.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жер участоктору, имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына гана менчикке берилиши мүмкүн, ошондой эле алар менчиктештирилүүгө жана ажыратылууга тийиш эмес.
6. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын мүлкү билим берүүдөн башка максаттарга пайдалануу үчүн алып коюлууга тийиш эмес.
7. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик системасына бекитилип берилген менчик укугунун объекттери (имараттар, курулмалар, мүлктүк комплекстер, жабдуулар, тиешелүү социалдык, маданий багыттагы зарыл мүлктөр) приватташтырууга жана алып коюлууга тийиш эмес, жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн кызыкчылыгында гана пайдаланылышы мүмкүн. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик системасынын билим берүү уюмдарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
8. Билим берүү уюму менчигинин түрүнө карабастан мүлктүн жана финансылык каражаттардын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Финансы-чарбалык тартиптин сакталышы үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси жоопкерчилик тартат.
9. Материалдык активдер формасындагы (илимий эмгектер, лекциялар, патенттер, программалык камсыз кылуу, билим берүүчү, аралыктан жана маалымат технологиялары), билим берүү уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин билим берүү жана экономикалык иштеринин булагы катары кызмат кылган интеллектуалдык менчик менчиктин башка түрлөрү менен бирдей корголууга тийиш.
10. Жеке менчик билим берүү уюмунун мүлкүн пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
11. Жеке менчик билим берүү уюму мурда ижарага алынган жана/же иш жүзүндө пайдаланылган мамлекеттик же муниципалдык жайлардын келишиминин колдонуу мөөнөтүн узартууга артыкчылык укугун пайдаланат.
12. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке билим берүү уюмдары имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, ошондой эле менчик укугунда башка зарыл мүлккө ээ болууга милдеттүү.
(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз…Постановление · 30.12.2024 · № 819
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз…Постановление · 30.12.2024 · № 819
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-59" title="59-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>