# 54-берене. Мамлекеттик билим берүү гранты

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики, регулирующие подготовку кадров новой генерации для государственной гражданской службы и муниципальной службы (в законы Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе", "Об образовании")](https://aqlex.ai/kg/doc/230026401)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=26455..31376>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 54-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-54

---

1. Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын алган жана конкурстан өткөн жактар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.

2. Айрым адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллдары жыл сайын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

3. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 28-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ошондой эле алардын окуусу үчүн эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин алкагында Кыргыз Республикасы жоопкерчилигин алган адамдар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында окуу үчүн жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү квоталардын чегинде мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.

31. "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.

4. Мамлекеттик билим берүү гранттары ваучердик каржылоо механизмин пайдалануу менен каржыланат, мында мамлекеттик билим берүү гранты билим алуучунун (грант алуучунун) артынан түшөт. Мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун тартиби, эсептөөлөрү жана көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Билим берүүнүн наркы мамлекеттик билим берүү грантынын наркынан ашып кеткен учурда, ашкан бааны төлөө боюнча жоопкерчилик грант алуучуга жүктөлөт.

5. Өзгөчө статусу бар кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына аларды каржылоонун тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу билим берүү гранттары сакталат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги N 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-55)
