# 5-берене. Билим алууга укуктун мамлекеттик кепилдиктери

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 5-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-5

---

Мамлекет төмөнкүлөр аркылуу жарандардын билим алууга болгон укуктарын ишке ашырууга, сактоого жана коргоого кепилдик берет:

1) ар бир адам үчүн сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталган, инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарына жооп берүүчү билим берүү системасын түзүү;

2) жарандардын мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билимди бекер алуу, ошондой эле мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде кесиптик башталгыч билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;

3) ар бир адамдын кесиптик орто жана жогорку, ошондой эле жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим алууга жетүүсү үчүн шарттарды түзүү;

4) инклюзивдик билим берүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана билим алууда басмырлоонун кандай болбосун көрүнүштөрүнө жол бербөө;

5) окутуунун ар кандай формаларын жана билим берүү уюмдарынын түрлөрүн өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзүү;

6) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу маселелеринде мамлекеттин, жергиликтүү коомдоштуктардын, билим берүү процессинин катышуучуларынын жана жарандык коомдун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү;

7) билим берүүгө багытталуучу бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу;

8) окуу китептерин, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен чыгарылуучу окуу китептерин, окуу жана усулдук колдонмолорду (окуу-усулдук комплекстерди жана окуу-дидактикалык материалдарды) басып чыгаруу үчүн шарттарды түзүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-6)
