# 48-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери тарабынан финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартуу

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2024 года № 208 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об образовании", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020125)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=1273902..24556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 48-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-48

---

1. Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери гана жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана кайрымдуулуктардан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн түзүлүүчү финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тарта алат.

2. Билим берүү уюмунун ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн Камкорчулук кеңеш донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды), финансылык жана башка материалдык каражаттарды издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырууга жана бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-сайттар аркылуу жана келип түшкөн финансылык жана башка материалдык каражаттар жана алардын чыгымдалышы жөнүндө кийин милдеттүү отчету менен башка ыкмалар аркылуу жарыялоого укуктуу.

3. Билим берүү уюмуна финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуу менен билим берүү уюмунун билим алуучуларынын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн маалымат, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчеттор билим берүү уюмунда көрүнүктүү жана жалпыга жеткиликтүү жерге жайгаштырылууга тийиш.

4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп саналган же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн), ошондой эле жетим балдардан жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардан финансылык каражаттарды чогултууга тыюу салынат.

5. Камкорчулук кеңеши тарабынан билим берүү уюму үчүн тартылган финансылык каражаттар казыналыктын атайын эсебине чегерилет жана камкорчулук кеңешинин чечимине ылайык максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.

6. Камкорчулук кеңештин төрагасы келип түшкөн финансылык жана материалдык каражаттар жана алардын чыгымдалышы жөнүндө отчет бербегендиги үчүн жоопкерчилик тартат.

7. Билим берүү уюмунун кызматкерлери (жетекчи, педагогикалык кызматкерлер жана башкалар) билим алуучулардан жана алардын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) алардын уюму үчүн финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүүнү талап кылууга укуксуз.

8. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2024-жылдын 30-декабрындагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-49)
