# 46-берене. Билим берүү чөйрөсүндө кесиптик даярдоо жана кесиптик өнүктүрүү

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 46-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-46

---

1. Педагогикалык кызматкерлерди кесиптик даярдоо менчигинин түрүнө карабастан кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат. Мамлекет келечектеги педагогдорду окутуу процессинде жумуш ордунда окутууну (билим берүүнүн дуалдык формасын) колдонууну кубаттайт.

2. Билим берүү уюмдарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекет менен билим берүү уюмдары билим берүү системасынын жетекчилерин жана педагогикалык эмес башка кызматкерлерди кесиптик өнүктүрүү жана окутуу үчүн шарттарды түзөт.

3. Педагогикалык кызматкерлерди кесиптик жогорулатуу, анын ичинде квалификациясын жогорулатуу, менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында жана (же) кесиптик өнүктүрүүнүн башка уюмдарында жүргүзүлөт.

4. Мамлекет окуу китептеринин авторлорун окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасын түзөт жана өркүндөтөт.

5. Мамлекет педагогикалык кызматкерлердин кесиптик стандарттарын иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө көмөк көрсөтөт. Педагогдорду кесиптик өнүктүрүү максатында мамлекет насаатчылык программаларын, кесиптик маданиятты жана этиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Педагогикалык иштин кесиптик стандарттарын иштеп чыгуу билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик кызматкерлердин ассоциациялары тарабынан ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-47)
