# 41-берене. Билим алуучуларды социалдык жактан колдоо жана коргоо

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=46645..55404>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 41-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-41

---

1. Мамлекет билим алуучуларды билим берүү процессине тартуу боюнча социалдык жактан колдоо жана коргоо саясатын жүргүзөт жана билим алуучуларга Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте окуу имараттарын, жабдууларды, окуу китептерин, медициналык тейлөөнү жана ден соолугун чыңдоону берүү менен, окутуу үчүн шарттарды түзөт.

2. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен окуган студенттерге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана өлчөмдө стипендия төлөнөт.

21. Стипендияларды төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында акчалай түрдө жүргүзүлөт.

Стипендияларды өз убагында төлөбөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет. Стипендияларды төлөөнү беш күндөн ашык кечиктирген билим берүү уюмдары аларды алуучуларга инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эске алуу менен төлөп берет, ошондой эле мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туумдун ордун толтурат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн туумдардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашпашы керек. Туумдардын эң жогорку суммасына бул чектөө билим берүү уюмдары тарабынан стипендияларды төлөөнүн мөөнөтү өткөн күндөн тартып билим алуучу карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгон күнгө чейинки мезгилге карата гана колдонулат. Билим алуучу билим берүү уюмуна карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасына чектөө колдонулбайт жана ушул бөлүктө көрсөтүлгөн туумдар иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.

3. Жалпы билим берүүчү уюмга тапшырууда мектепке чейинки курактагы балдарды аттестациялоого (тестирлөөгө) жол берилбейт.

4. Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору дене тарбия жана спорт жаатындагы даярдоонун багыттары (бакалавриат, магистратура) жана адистик боюнча окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кирүү сынагысыз (экзамендерсиз, аттестациясыз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.

5. "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар спортчулар кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына, ал эми "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды бар спортчулар кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.

6. Билим алуучуларды билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн уруксаты менен окуу сабактарынан жана окуу процесстеринен алагды кылууга жол берилет.

7. Окуу процессин бузууга күнөөлүү (түз же кыйыр) адамдар билим алуучуларга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруп беришет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-42)
