# 38-берене. Турмуштук оор кырдаалда болгон адамдарга билим берүү

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 38-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-38

---

1. Кесепеттерин өз алдынча жеңе албаган турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын билим алуу укугун жүзөгө ашырууга мамлекет кепилдик берет.

2. Мамлекет турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын билим алуу укугун ишке ашырууга социалдык инклюзия үчүн шарттарды түзүү аркылуу кепилдик берет.

3. Мамлекет жекелештирилген мамиле жасоо аркылуу турмуштук оор кырдаалда турган адамдар үчүн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдүн формаларын аныктайт.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-39)
