# 35-берене. Кошумча билим берүү

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 35-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-35

---

1. Кошумча билим берүү адамдын жөндөмүнө жана кызыкчылыктарына ылайык аны инсан катары өнүктүрүүгө багытталган жана формалдуу билим берүүнүн чегинен тышкары жүзөгө ашырылат. Кошумча билим берүүгө төмөнкүлөр кирет:

1) балдарга кошумча билим берүү;

2) эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү;

3) кошумча кесиптик билим берүү.

2. Кошумча билим берүү менчигинин формасына карабастан кандай болбосун түрдөгү билим берүү уюмдары же кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан берилет. Кошумча билим берүү программалары билим берүү уюмдары жана жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана бекитилет.

3. Республикалык бюджеттен каржылануучу кошумча билим берүү программаларын берүүнүн тизмеси, тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Кошумча билим берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Менчик билим берүү уюмдарынын жана жеке жактардын (жеке ишкерлердин) кошумча билим берүү кызматтарын төлөө шарттары, өлчөмү жана тартиби алар тарабынан өз алдынча аныкталат.

6. Кошумча кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары квалификациялардын улуттук системасына ылайык кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана квалификациялык талаптарды эске алуу менен иштелип чыгат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-36)
